# 28-статья. Прокурорлордун сот актыларына сунуш келтирүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/779)
- Документтеги орду: 3-бөлүм
- Толук аталышы: КР Мыйзамы 2004-жыл 18-декабрындагы № 1341-ХII "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө".
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1341-XII
- Кабыл алынган күнү: 18.12.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.06.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 17 июля 2009 года № 224 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 ноября 2000 года №85 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/374)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/779#diff=504366..504367>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/779/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-742/edition/504365/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/779/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 28-статья (17.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/779/st-28

---

Прокурор же анын орун басары өз компетенциясынын чегинде жогору

турган сотко сот актыларына апелляциялык, жекече жана көзөмөл иретинде

сунуш келтирүүгө укуктуу. Прокурордун жардамчысы, башкарманын прокуро-

ру, бөлүмдүн прокурору кароого өзү катышкан иш боюнча гана сунуш келти-

ре алат.

Прокурор өз бийлик укугунун чегинде сотто каралып, чечими, өкүмү,

аныктамасы же токтому мыйзамдуу күчүнө кирген ар кандай ишти же иш ка-

тегориясын соттон суратып алганга укуктуу.

Административдик укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча сот чечимине кара-

та сунуш шаардын, райондун прокурору, жогору турган прокурор жана алар-

дын орун басарлары тарабынан келтирилиши мүмкүн.

(2000-жылдын 13-ноябрындагы № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/779/st-26)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/779/st-29)
