# КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 20-октябрындагы № 1003-VI "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 20-октябрындагы № 1003-VI "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1003-VI
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/77889>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-9932/edition/775952/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/77889.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 20-октябрындагы № 1003-VI "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому (20.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/77889

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 20-октябры № 1003-VI "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Т.Бабанов, Р.А.Казакбаев, Т.Т.Мамытов, Б.К.Райымкулов, А.Ж.Жамангулов, П.Р.Түлендыбаев, А.Алтынбеков, А.Т.Абжалиев, Э.Ж.Байбакпаев, К.Ш.Баймуратов, К.С.Бокоев, М.К.Жеенчороев, А.Жунус уулу, К.Т.Зулушев, Д.Ш.Исаева, А.Ж.Исмаилова, Ф.А.Иминов, У.Т.Кыдыралиев, М.Э.Мавлянова, Н.Н.Нишанов, А.С.Өмүрбекова, М.Э.Сабиров, Б.Ү.Сыдыков, Т.Г.Тиллаев, Ж.К.Турускулов, Р.М.Туманбаева жана У.С.Чолпонбаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорума карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн аларды негиздөө менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешимин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төрага

Ч. Турсунбеков
