# КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 6-октябрындагы № 958-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылга чейин өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 6-октябрындагы № 958-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылга чейин өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 958-VI
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/77847>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-9891/edition/775868/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/77847.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 6-октябрындагы № 958-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылга чейин өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому (06.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/77847

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 6-октябры № 958-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылга чейин өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылга чейин өнүгүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча депутаттык жумушчу топтун иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.С.Өмүрбекованын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.С.Өмүрбекованын маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылга чейин өнүгүүсүнүн тиркелген стратегиясы бекитилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылга чейин өнүгүү стратегиясынын ишке ашырылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Координациялык кеңешине жүктөлсүн.

Төрага

Ч. Турсунбеков
