# КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-сентябрындагы № 891-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-сентябрындагы № 891-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 891-VI
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/77787>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-9831/edition/1197933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/77787.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-сентябрындагы № 891-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (07.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/77787

---

КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы № 459-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 15-сентябры № 891-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн өзгөртүүгө жана комитеттеринин санын кыскартууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-главанын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын:

"- мунай газ;

- көмүр;";

2) 6-главанын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"маалыматтык технологиялар";

3) 9-главада:

главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "9. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет"; төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын: "2-1. Мыйзамдар: Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү укук коргоо, фискалдык жана башка борбордук органдардын иши жөнүндө:

- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Коррупцияга каршы кызмат;

- Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (коррупция менен күрөшүү жаатында);

- прокуратура (коррупция менен күрөшүү жаатында);

- бажы кызматы (коррупция менен күрөшүү жаатында);

- салык кызматы (коррупция менен күрөшүү жаатында);

- финансылык чалгындоо кызматы (коррупция менен күрөшүү жаатында);

- аудитордук иш (коррупция менен күрөшүү жаатында).

2. Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө:

- коррупцияга каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунун ишин укуктук регламенттөөнү камсыздоо;

- коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программалар;

- коррупцияны болтурбоо жаатында мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын реформалоо;

- мамлекеттик, укук коргоо, фискалдык жана финансы-кредиттик түзүмдөрдө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу;

- коррупциялык механизмдердин болуу предметтерине карата мыйзам долбоорлорунун экспертизасы;

- коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Ч. Турсунбеков
