Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 7 сентября 2022 года № 459-VII "Об утверждении вопросов ведения комитетов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-09-07.
КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы № 459-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 15-сентябры № 891-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн өзгөртүүгө жана комитеттеринин санын кыскартууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-главанын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын:
"- мунай газ;
- көмүр;";
2) 6-главанын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"маалыматтык технологиялар";
3) 9-главада:
главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "9. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет"; төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын: "2-1. Мыйзамдар: Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү укук коргоо, фискалдык жана башка борбордук органдардын иши жөнүндө:
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Коррупцияга каршы кызмат;
- Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (коррупция менен күрөшүү жаатында);
- прокуратура (коррупция менен күрөшүү жаатында);
- бажы кызматы (коррупция менен күрөшүү жаатында);
- салык кызматы (коррупция менен күрөшүү жаатында);
- финансылык чалгындоо кызматы (коррупция менен күрөшүү жаатында);
- аудитордук иш (коррупция менен күрөшүү жаатында).
2. Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө:
- коррупцияга каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунун ишин укуктук регламенттөөнү камсыздоо;
- коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программалар;
- коррупцияны болтурбоо жаатында мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын реформалоо;
- мамлекеттик, укук коргоо, фискалдык жана финансы-кредиттик түзүмдөрдө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу;
- коррупциялык механизмдердин болуу предметтерине карата мыйзам долбоорлорунун экспертизасы;
- коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Ч. Турсунбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.11.2015 · № 24-VI · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы № 459-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө"…Постановление · 07.09.2022 · № 459-VII · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.11.2015 · № 24-VI · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы № 459-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө"…Постановление · 07.09.2022 · № 459-VII · Күчүн жоготкон