# КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-сентябрындагы № 888-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-сентябрындагы № 888-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 888-VI
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/77783>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-9827/edition/778512/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/77783.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-сентябрындагы № 888-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (09.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/77783

---

КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1055-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 15-сентябры № 888-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызмат ордуна Казаков Түгөлбай Токтогуловичтин талапкерлиги жактырылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун он сегизинчи абзацындагы "Максутов Алтынбек Аскарович" деген сөздөр "Казаков Түгөлбай Токтогулович" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет

Төрага

Ч. Турсунбеков
