Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна тиркеме) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында жана Иш башкармалыгында мамлекеттик жарандык кызматка өзгөчө (сынактан тышкары) тартипте кирүүнүн тартиби жөнүндө жобо»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Жогорку Кенеша КР от 19 февраля 2026 года № 199-VIII "О признании утратившими силу некоторых постановлений Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-02-19.
КР Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 199-VIII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 833-VI токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында жана Иш башкармалыгында мамлекеттик жарандык кызматка өзгөчө (сынактан тышкары) тартипте кирүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратындагы жана Иш башкармалыгындагы бош турган мамлекеттик кызматтын административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөөнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.
1. Негизги жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын Аппаратындагы жана Иш башкармалыгындагы бош турган административдик мамлекеттик кызмат ордун (мындан ары - административдик мамлекеттик кызмат орду) ээлөө ушул Жобого ылайык аңгемелешүү өткөрүү жолу менен өзгөчө (сынактан тышкары) тартипте жүргүзүлөт.
1.2. Бош турган административдик кызмат орду - бул мамлекеттик кызматчы ээлебеген штаттык бирдик.
1.3. Бош турган административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөөгө талапкер - бул ушул Жобо менен белгиленген тартипте кызмат ордун ээлөөгө арыз берген жана аңгемелешүүгө жол берилген адам.
1.4. Аңгемелешүү - талапкерден ээлей турган кызмат ордуна билимин, иш тажрыйбасын, иштиктүү сапатын, ошондой эле талапкердин жүйөсүн кошуп алганда ээленүүчү кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык билимдерин жана көндүмдөрүн аныктоо.
1.5. Административдик кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерге карата квалификациялык талаптарга төмөндөгүдөй талаптар кирет:
1) адистиги боюнча иш стажы жана тажрыйбасы жана тиешелүү кесиптик көндүмдөрү;
2) административдик кызмат орундарынын категорияларын жана топторун эске алуу менен билиминин деңгээли жана тармагы;
3) мыйзамдарда каралган учурларда ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүү.
2. Административдик кызматка дайындоонун шарттары жана тартиби
2.1. Бош турган административдик кызмат ордун ээлөөгө талапкер төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) 21 жаштан кичүү болбоого;
3) мыйзамдар жана тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан бул кызмат орду үчүн белгиленген квалификациялык талаптарга (Жогорку Кеңештин Аппараты же Иш башкармалыгы) ылайык келүүгө.
2.2. Бош турган административдик ордун ээлөөгө төмөнкүдөй адам талапкер болушу мүмкүн эмес:
1) соттун чечими менен жөндөмсүз деп таанылган же болбосо соттун айыптоо өкүмү менен ага кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;
2) мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же тындырылбаган соттуулугу бар.
2.3. Талапкерде бош турган административдик кызмат ордун ээлөөгө коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык билимдердин жана көндүмдөрдүн бар экендигин аныктоо үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасы, Аппаратынын жетекчиси же Иш башкаруучусу аңгемелешүү өткөрүшүү мүмкүн.
Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө талапкердин бош турган административдик кызмат ордун ээлөөгө инсандык жана кесиптик сапаттары жана анын болочок иши, күтүүлөрү, жүйөсү жөнүндө пикирлери аныкталат.
2.4. Кызматка алгачкы жолу кирген кызматчынын кесиптик сапатын текшерүү үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасы, Аппаратынын жетекчиси жана Иш башкаруучусу аны ээлеген кызмат орду боюнча эмгек акыны төлөп берүү менен 3 айга чейинки мөөнөткө сыноо мөөнөтү менен кызмат ордуна дайындашы мүмкүн. Убактылуу эмгекке жөндөмсүздүк мезгили жана кызматчы иште жүйөлүү себептер боюнча болбогон башка мезгилдер сыноо мөөнөтүнө киргизилбейт.
3. Дайындоо үчүн кызмат орундарынын номенклатурасы
3.1. Жогорку Кеңештин Төрагасы төмөнкүдөй кызмат орундарына дайындоону жүзөгө ашырат:
1) Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчисинин орун басарларын;
2) Жогорку Кеңештин Төрагасынын консультанттарын, кеңешчилерин жана жардамчыларын;
3) Жогорку Кеңештин Аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жетекчилерин, жетекчилеринин орун басарларын;
4) компетенциясына Жогорку Кеңештин ишин камсыз кылуу таандык кылынган мамлекеттик органдын, кызмат орундары Жогорку Кеңештин Төрагасынын номенклатурасына кирген кызматчыларын;
5) Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарларынын жана фракциялардын лидерлеринин кеңешчилерин.
3.2. Жогорку Кеңештин Аппаратынын Жетекчиси төмөнкүдөй кызмат орундарына дайындоону жүзөгө ашырат:
1) сектор башчысын;
2) экспертти;
3) улук консультантты;
4) консультантты;
5) депутаттын консультантын;
6) башкы адисти.
3.3. Жогорку Кеңештин Иш башкаруучусу төмөнкүдөй кызмат орундарына дайындоону жүзөгө ашырат:
1) сектор башчысын;
2) башкы адисти.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 833-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жана Иш башкармалыгына мамлекеттик жарандык кызматка өзгөчө тартипте…Постановление · 30.06.2016 · № 833-VI · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 199-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 19.02.2026 · № 199-VIII
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 833-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жана Иш башкармалыгына мамлекеттик жарандык кызматка өзгөчө тартипте…Постановление · 30.06.2016 · № 833-VI · Күчүн жоготкон