# КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 822-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына өкүлдү аныктоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 822-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына өкүлдү аныктоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 822-VI
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/77733>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-9778/edition/747378/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/77733.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 822-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына өкүлдү аныктоо жөнүндө" токтому (29.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/77733

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 29-июну № 822-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына өкүлдү аныктоо жөнүндө "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 127-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жогорку Кеңештин депутаты Матраимов Искендер Исмаилович Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына бир жылдык мөөнөткө парламенттик көпчүлүктүн өкүлү катары аныкталсын.

2. 2016-жылдын 16-мартындагы № 370-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөсүн дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттагы "Халикова Ашэра Леджебовна" деген сөздөр "Матраимов Искендер Исмаилович" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

Төрага

Ч. Турсунбеков
