# КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 799-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 799-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 799-VI
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/77704>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-9749/edition/778506/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/77704.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 799-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (09.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/77704

---

КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1055-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 29-июну № 799-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы вице-премьер-министрдин кызмат орду менен толукталсын.

2. Төмөнкүлөрдүн талапкерликтери жактырылсын:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна Разаков Жениш Парпиевичтин; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызмат ордуна Бекбоев Турдуназирдин; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин кызмат ордуна Айдаров Замирбек Казакбаевичтин; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна Зилалиев Дуйшенбек Текшербековичтин; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна Шаршембиев Бакыт Нуржановичтин.

3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта: төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин кызмат ордуна - Разаков Жениш Парпиевич"; он экинчи абзацындагы "айыл чарба жана мелиорация министринин" деген сөздөр "Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; он үчүнчү абзацындагы "транспорт жана коммуникациялар министринин" деген сөздөр "Транспорт жана жол министринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы жаңы абзацтар менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна - Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна - Шаршембиев Бакыт Нуржанович".

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Ч. Турсунбеков
