Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Жогорку Кенеша КР от 9 ноября 2016 года № 1055-VI "О составе Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-11-09.
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1055-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 29-июну № 799-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы вице-премьер-министрдин кызмат орду менен толукталсын.
2. Төмөнкүлөрдүн талапкерликтери жактырылсын:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна Разаков Жениш Парпиевичтин; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызмат ордуна Бекбоев Турдуназирдин; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин кызмат ордуна Айдаров Замирбек Казакбаевичтин; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна Зилалиев Дуйшенбек Текшербековичтин; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна Шаршембиев Бакыт Нуржановичтин.
3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта: төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин кызмат ордуна - Разаков Жениш Парпиевич"; он экинчи абзацындагы "айыл чарба жана мелиорация министринин" деген сөздөр "Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; он үчүнчү абзацындагы "транспорт жана коммуникациялар министринин" деген сөздөр "Транспорт жана жол министринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы жаңы абзацтар менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна - Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна - Шаршембиев Бакыт Нуржанович".
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Ч. Турсунбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтомуПостановление · 13.04.2016 · № 440-VI · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1055-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтомуПостановление · 09.11.2016 · № 1055-VI · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтомуПостановление · 13.04.2016 · № 440-VI · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1055-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтомуПостановление · 09.11.2016 · № 1055-VI · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон