# 3-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда иштерди

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/777)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 18-декабрындагы № 1337-XII "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1337-XII
- Кабыл алынган күнү: 18.12.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.06.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 235 "О конституционном судопроизводстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202586)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-740/edition/504348/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/777/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө, 3-статья (20.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-3

---

кароонун коллегиялуулугу

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы иштер мыйзамда

белгиленген тартипте шайланган судьялар тарабынан каралат.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда иштерди кароо, кору-

тунду берүү, Регламент кабыл алуу жана судьялардын бийлик укуктарын

убактылуу токтотуу маселелерин чечүү Конституциялык соттун жети судь-

ясынан кем эмес курамы менен коллегиялуу түрдө жүргүзүлөт.

Башка маселелерди болсо Кыргыз Республикасынын Конституциялык со-

тунун жыйналышы судьялардын курамынын тизмеси боюнча жарымынан кем эмес

бөлүгү катышканда чечүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын бий-

лик-укуктары мыйзамда белгиленген тартипте токтотулмайынча, ал Кыргыз

Республикасынын Конституциялык сотунун жыйналышына катышуудан четтетил-

бейт. Эгерде каралуучу маселенин жыйынтыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө

кызыкчылыгы бардыгынан судьянын калыстыгы шек туудурса, ал өзүн че-

теттүү жөнүндө өтүнүч киргизүүгө тийиш жана ошол маселени кароого каты-

шуудан бошотулат.

Кворумду чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту-

нун судьяларынын тизмеси боюнча курамын аныктоодо, "Кыргыз Республика-

сынын Конституциялык соту жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында

белгиленген тартипте убактылуу бийлик-укуктары токтотулган судьялар

эсепке алынбайт.

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-4)
