3-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда иштерди
Күчүн жоготкон · 20.06.2009 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 июля 2009 года № 235.
кароонун коллегиялуулугу
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы иштер мыйзамда
белгиленген тартипте шайланган судьялар тарабынан каралат.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда иштерди кароо, кору-
тунду берүү, Регламент кабыл алуу жана судьялардын бийлик укуктарын
убактылуу токтотуу маселелерин чечүү Конституциялык соттун жети судь-
ясынан кем эмес курамы менен коллегиялуу түрдө жүргүзүлөт.
Башка маселелерди болсо Кыргыз Республикасынын Конституциялык со-
тунун жыйналышы судьялардын курамынын тизмеси боюнча жарымынан кем эмес
бөлүгү катышканда чечүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын бий-
лик-укуктары мыйзамда белгиленген тартипте токтотулмайынча, ал Кыргыз
Республикасынын Конституциялык сотунун жыйналышына катышуудан четтетил-
бейт. Эгерде каралуучу маселенин жыйынтыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө
кызыкчылыгы бардыгынан судьянын калыстыгы шек туудурса, ал өзүн че-
теттүү жөнүндө өтүнүч киргизүүгө тийиш жана ошол маселени кароого каты-
шуудан бошотулат.
Кворумду чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту-
нун судьяларынын тизмеси боюнча курамын аныктоодо, "Кыргыз Республика-
сынын Конституциялык соту жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында
белгиленген тартипте убактылуу бийлик-укуктары токтотулган судьялар
эсепке алынбайт.
Берененин тексти 20.06.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- О Конституционном суде Кыргызской РеспубликиЗакон · 18.12.1993 · № 1335-XII · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/777/st-3" title="3-статья - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>