# 25-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечим

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/777)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 18-декабрындагы № 1337-XII "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1337-XII
- Кабыл алынган күнү: 18.12.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.06.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 235 "О конституционном судопроизводстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202586)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-740/edition/504348/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/777/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө, 25-статья (20.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-25

---

кабыл алышы

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдери ачык добуш

берүү менен кабыл алынат.

Судья добуш берүүдөн карманууга же баш тартууга укуксуз. Төрагалык

кылуучу бардык учурларда добушунун акыркы болуп берет.

Конституциялык сот кайрылууда көрсөтүлгөн дооматты толугу менен же

бир бөлүгүн канааттандырса, же болбосо канааттандыруусуз калтырса, иш

негизинен чечилген болуп эсептелинет.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечими жыйналышка

катышкан судьялардын көбү аны колдоп добуш берсе, кабыл алынган болуп

эсептелинет. Ал эми сунуштардын бирөө да добуштардын көбүн албаса,

төрагалык кылуучу добуштарды айрыкча көп алган эки сунушту кайрадан до-

бушка коет.

Добуштардын саны бирдей болсо, төрагалык кылуучу добуш берген че-

чим кабыл алынат.

Конституциялык соттун чечими калтыруусуз дароо чыгарылат жана жа-

рыяланат. Өзгөчө учурларда өтө татаал иштер боюнча негиздүү чечимди

түзүү он күнгө чейин калтырылышы мүмкүн, бирок чечимдин резолютивдик

бөлүгү ошол эле жыйналышта жарыяланат.

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-26)
