# 23-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда ишти

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/777)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 18-декабрындагы № 1337-XII "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1337-XII
- Кабыл алынган күнү: 18.12.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.06.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 235 "О конституционном судопроизводстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202586)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-740/edition/504348/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/777/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө, 23-статья (20.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-23

---

кароо тартиби

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда иш Конституциялык

соттун Төрагасы башкаруусундагы жыйналышта каралат. Жыйналыштын тарти-

бине ага Төрагалык кылуучу тарабынан аныкталат.

Төрагалык кылуучу белгиленген убакытта:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жыйналышын ачык

деп жарыялайт;

2) каралуучу ишти жарыялайт;

3) судьялардын санынын жетиштүүлүгү жана протокол жүргүзүүнүн кам-

сыз болушун текшерип чыгат;

4) Конституциялык сотунун секретарына жыйналышка чакырылган каты-

шуучулардын, күбөлөрдүн, адистердин, эксперттердин бар экендигин жана

келбей калгандардын себептерин билдирүү үчүн сөз берет;

5) тараптарга алардын укуктарын жана милдеттерин, ал эми чакырыл-

ган адамдарга - алардын милдеттерин жана жоопкерчилигин түшүндүрөт;

6) жыйналыштын катышуучуларынан аларда кошумча күбөлөрдү, адистер-

ди, эксперттерди чакыруу, кошумча далилдерди талап кылуу, жыйналыштык

жүрүшүндө келип чыккан башка маселелер боюнча өтүнүчтөр бар-жогун су-

райт, аларды соттун чечүүсүнө коет.

7) ишти негизинен кароонун башталгандыгы тууралуу жарыялайт.

Ишти кароодо:

1) ар бир иштин каралышы анын мазмунун, кароого жаткан себебин жа-

на негиздемесин, колдогу материалдардын мазмунун доклад кылуучу судь-

янын билдирүүсүнөн, ошондой эле Конституциялык соттун судьяларынын су-

роолоруна анын берген жоопторунан башталат;

2) андан кийин тараптардын түшүндүрүүлөрү угулууга тийиш. Консти-

туциялык соттун судьялары тарабынан тараптарга суроолор берилиши

мүмкүн;

3) Конституциялык соттун жыйналышында документтер жарыяланышы, ча-

кырылган адамдардын сөзү угулушу мүмкүн;

4) түшүнүктөр, көрсөтмөлөр жана документтер изилденип бүткөндөн

кийин Конституциялык сот тараптар кааласа, алардын корутунду сөзүн

угат;

5) эгерде маселе жетишээрлик такталса, төрагалык кылуучу судьялар-

дын кењешмесинин ачылышын жарыялайт;

6) кењешүү залында өтүп жаткан кењешмеде Кыргыз Республикасынын

Конституциялык сотунун судьялары каралып жаткан маселе боюнча көз кара-

шын эркин билдире алышат жана башка судьялардан ой-пикирин тактоону

өтүнө алышат;

7) Конституциялык сот кабыл алган чечимге кол коюлгандан кийин тө-

рагалык кылуучу аны кењешме залында жарыялайт;

8) эгерде иш каралып жатканда ал Конституциялык сотуна караштуу

эместиги аныкталса анда арыз ээсине кайсы органга кайрылуусу тийиш

экендиги көрсөтүлүп, иш боюнча сот өндүрүшү кыскартылат;

9) жыйналыштын жүрүшүндө арыз ээсинин өз дооматынан баш тартышы,

тараптын маселени өз ыктыяры менен алып коюшу сот өндүрүшүн кыскартууга

негиз болот;

10) зарыл учурда Конституциялык сот күбөлөрдүн жана эксперттердин

көрсөтмөлөрүн угат, аларга суроолорду берет. Алар көрсөтмөлөрүн берээр

алдында төрагалык кылуучу күбөнү же экспертти алар көрсөтө берүүдөн баш

тартса же атайын жалган көрсөтмө берсе, мыйзамдарга ылайык жооп берээ-

рин эскертет.

Берилген суроолорго жол берүү иштин каралышында сот тарабынан че-

чилет.

III глава

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун

актылары

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-24)
