# 21-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/777)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 18-декабрындагы № 1337-XII "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1337-XII
- Кабыл алынган күнү: 18.12.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.06.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 235 "О конституционном судопроизводстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202586)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-740/edition/504348/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/777/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө, 21-статья (20.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-21

---

кайрылуунун түрү, мөөнөтү жана мазмуну

Кайрылуу Конституциялык сотко жазуу жүзүндө киргизилет.

Ушул Мыйзамдын 14-статъясынын 1-8 пункттарында аталган органдар

жана кызмат адамдары Конституциялык сотко көрсөтүү, ал эми башка адам-

дар - өтүнүч киргизишет.

Көрсөтүүдө жана өтүнүчтө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) Конституциялык соттун аталышы;

2) кайрылган жактын аталышы, орду, дареги жана башка ал жөнүндө

зарыд маалымат.

3) кызмат боюнча өкүлчүлүктөн башка учурларда кайрылып жаткан жак-

тын өкүлүнүн аталышы, дареги, анын укуктары жана башка ал жөнүндө маа-

лымат.

4) Конституцияга ылайыктуулугу текшерилүүчү нормативдик актыга кол

койгон кызмат адамынын же аны чыгарган мамлекеттик органдын аталышы,

орду, дареги; тийиштүү учурларда иши талаш туудурган кызмат адамы

жөнүндө ушундай эле маалымат;

5) тараптын дооматын жана далилдерин негиздеген жана келтирген

фактыларды ырастаган жагдайлар;

6) текшерилүүчү нормативдик актынын так аталышы, саны, кабыл алын-

ган күнү, жарыялоого чыккан булагы жана башка реквизиттери;

7) талаштагы нормативдик актынын же кызмат адамынын аракетинин

Конституцияга ылайыктуулугу боюнча ой-пикирлеринин негиздемеси;

8) дооматтын мањызы;

9) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана ушул Мыйзамдын

Конституциялык сотуна кайрылууга укук берген нормалары;

10) тиркелүүчү документтердин жана Конституциялык сотко чакырылуу-

чу жактардын тизмеси жана дареги.

Көрсөтүүгө же өтүнүчкө ушул Мыйзамдын 1-статьясында көрсөтүлгөн

тийиштүү арыз ээси тарабынан кол коюлган жана баардык учурда төмөнкү

документтер тиркелет:

1) Конституцияга ылайыктуулугу жалпысынан же айрым бөлүгүнөн талаш

туудурган нормативдик актынын текстинин көчүрмөсү;

2) өкүлчүлүк кызмат боюнча ишке ашырылууга жаткан учурлардан башка

өкүлгө берилген укуктар жөнүндө документтер.

Башка тилде жазылган документтерге алардын сот өндүрүшүнүн тилин-

деги котормосу тиркелүүгө тийиш.

Көрсөтүү же өтүнүч жана алардын тиркемеси Конституциялык сотко 11

нускадан турган санда берилет.

(КР 2009-жылдын 25-февралындагы N 69 Мыйзамынын редакциясына ылай-

ык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-22)
