20-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун
Күчүн жоготкон · 20.06.2009 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 июля 2009 года № 235.
жыйналышынын протоколун жүргүзүү
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун протоколу жыйналыш
башталгандан толук аяктаганга чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
Жыйналыштын протоколунда төмөнкүлөр белгиленүүгө тийиш:
- жыйналыштын анын башталган жана аяктаган убагын белгилөө менен
анын ордун жана күнүн көрсөтүү;
- катышкан судьялардын курамы;
- катышпаган судьялардын курамы жана алардын катышпагандыгынын се-
беби;
- жыйналыштын секретарынын аты-жөнү;
- жыйналышка катышкандардын ар биринин аты-жөнү, ээлеген кызматы
жана башка алар жөнүндөгү маалымат;
- каралып жаткан иштин аталышы;
- жыйналышта ирети боюнча болгон окуялар жана алардын жыйынтыгы;
- көрсөтүү же өтүнүч жөнүндө маалымат, жыйналышка катышуучулардын
түшүндүрүүлөрү, күбөлөрдүн көрсөтүүлөрү, адистердин, эксперттердин ко-
рутундулары, аларга берилген суроолор жана алардын жооптору;
- күбөлөр, адистер, эксперттер жөнүндө маалымат;
- судьялардын кењешмеде айтылган пикирлери;
- судьялардын добушуна коюлган маселелер жана добуш берүүнүн жы-
йынтыгы.
Эгерде Конституциялык сот өзүнүн судьясы болбогон адамдарды катыш-
тырбай кењешме өткөрүүнү чечсе, мындай кењешменин протоколу өзүнчө
жүргүзүлөт жана бул бөлүгү ачык жарыялоого жатпайт.
Протоколдун толуктугун камсыз кылуу максатында стенографияны жана
илимий-техникалык каражаттарды колдонууга жол берилет. Илимий-техника-
лык каражаттардын колдонулушу тууралу жыйналыштын протоколунда
көрсөтүлөт.
Ишке протокол жана сот тарабынан колдонулган илимий-техникалык ка-
ражаттар: үн жазып алуунун тасмасы, видео тасма, кинотасмалар кошо тир-
келет.
Протокол жыйналыш бүткөндөн беш күндөн кечиктирбестен даярдалып
басылууга тийиш.
Протоколго Конституциялык сотто төрагалык кылган адам жана Консти-
туциялык соттун секретары тарабынан кол коюлат.
II глава
Конституциялык сот өндүрүшүнүн козгоо,
иштерди Конституциялык сотунда кароого
даярдоо жана кароо
Берененин тексти 20.06.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/777/st-20" title="20-статья - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>