# 19-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун штраф

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/777)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 18-декабрындагы № 1337-XII "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1337-XII
- Кабыл алынган күнү: 18.12.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.06.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 235 "О конституционном судопроизводстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202586)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-740/edition/504348/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/777/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө, 19-статья (20.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-19

---

салуу жана башка процессуалдык коргонуу чараларын

колдонуу укугу.

Конституциялык соттун судьяларынын, жыйналышка катышуучулардын на-

мысын коргоо жана Конституциялык сот өндүрүшүнүн кадырлуу жүрүшүн кам-

сыз кылуу максатында Конституциялык сот жыйналыш залынан чыгарып жи-

берүүгө жана кызмат адамдарына эњ аз беш айлык эмгек акы өлчөмүнө чейин

жана граждандарга эки айлык эмгек акы өлчөмүнө чейин штраф салууга

төмөнкүдөй учурларда жол берилет:

1) жарыялоонун түрүнө карабастан Конституцияга ылайык келбеген до-

оматтарды жана чакырууларды келтирүү;

2) судьялардын ишти жүргүзүшүнө кийлигишүүдө, аларга конституция-

лык сот өндүрүшүнүн эрежелеринен тышкары таасирин тийгизүүдө;

3) ишти даярдоо жана кароодо Конституциялык соттун судьяларынын

талаптарын жана чечимдерин жүйөлүү себепсиз аткарбоодо же өз учурунда

аткарбоодо;

4) Конституциялык сотко келбей коюуда же келбеген себебин бил-

дирбөөдө;

5) Антты белгиленген түрдө берүүдөн баш тартууда;

6) Конституциялык соттун жыйналышынын тартибин бузууда, Конститу-

циялык соттун судьяларына баш ийбөөдө, Конституциялык сотто кабыл алын-

ган адептүүлүк эрежелерине жана процедураларына кайдыгердик мамиле кы-

лууда;

7) Конституциялык соттун судьяларын мазактоодо;

8) жыйналыштын катышуучулары чыгып сүйлөө кезегин өз алдынча буз-

ганда;

9) мазактоо сөздөрү колдонулганда.

Эгерде жыйналыштын жүрүшүндө ушул статьяда көрсөтүлгөн тартип бу-

зуулар аныкталса, процессуалдык коргонуу чаралары Конституциялык соттун

протоколдук аныктамасы менен дароо колдонулат.

Башка процессуалдык коргонуу чаралары мыйзамдарда каралган учур-

ларда жана белгиленген тартипте колдонулат.

Тартип бузган жак штрафтын салынганы жөнүндө билдирилген күндөн

баштап беш күндөн кечиктирилбестен аны төлөөгө тийиш. Штраф төлөөдөн

баш тарткан учурда же штраф беш күндүн ичинде төлөнбөсө, Кыргыз Респуб-

ликасынын Конституциялык сотунун штраф салуу жөнүндөгү чечиминин

көчүрмөсүнүн негизинде административдик укук бузуу иштери боюнча

өндүрүш тартибине ылайык мажбурлоо түрүндө аткарылат.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-20)
