18-статья. Сот чыгымдары
Күчүн жоготкон · 20.06.2009 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 июля 2009 года № 235.
Сот чыгымдары мамлекеттик пошлинадан жана иштин кароосуна байла-
ныштуу чыгымдардан турат.
Сот чыгымдары ишти өндүрүшкө алган Конституциялык соттун судьясы-
нын аныктамасы же Конституциялык соттун протоколдук аныктамасы менен
өндүрүлөт.
Мамлекеттик пошлина төмөнкүлөргө салынат:
1) нормативдик актыны Конституцияга ылайыктуулугун текшерүү
жөнүндөгү көрсөтүүгө;
2) ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка талаптар боюнча көрсөтүүлөргө;
3) өтүнүчкө;
4) Конституциялык соттун кайталанып берилген чечимине.
Мамлекеттик пошлина төмөнкүлөрдөн өндүрүлөт:
1) нормативдик актысы Конституцияга ылайыксыз деп табылган тарап-
тан же нормативдик актыны Конституцияга ылайыксыз деп негизсиз талап
менен кайрылган тараптан;
2) Кыргыз Республикасынын Конституциясын сактабаган деп Конститу-
циялык сот тапкан кызмат адамынан, же болбосо ушул маселе боюнча негиз-
сиз доомат койгон органдардан;
3) өзүлөрүнүн конституциялык укуктарына түздөн-түз тийген укук
колдонуу практикасынын маселеси боюнча негизсиз доомат койгон адамдар-
дан, же болбосо Конституцияга ылайыксыз укук колдонуу практикасына жол
берген органдардан.
Мамлекеттик пошлина Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик пошлина
жөнүндөгү" Мыйзамына ылайык өндүрүлөт.
Конституциялык сот белгиленген мамлекеттик пошлина төлөөдөн бошо-
тууга, анын өлчөмүн азайтууга же көбөйтүүгө укуксуз.
Жалпы чыгымдар экспертиза жүргүзүүгө, текшерүүгө, изилдөөгө жум-
шалган каражаттан жана Конституциялык сот тарабынан тартылган күбөлөр,
адистер, эксперттер, котормочулар жана башка адамдар тарткан чыгымдар-
дан, ошондой эле ишти даярдоого жана кароого байланышкан башка чыгым-
дардан турат.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун анын судьяларынын
милдетүү түрдө аткарылуучу талаптарына дооматын аткарууга байланыштуу
чыгымдар алардын аткарылышы жүктөлгөн мамлекеттик органдар, юридикалык
жактар жана граждандар тартат.
Башка чыгымдар Конституциялык соттун судьясынын аныктамасы же
Конституциялык соттун протоколдук аныктамасы менен Кыргыз Республикасы-
нын Конституциялык соту тарабынан республикалык бюджеттин каражатынан
төлөнөт.
Чыгымдар мамлекеттик пошлина менен бирге өндүрүлөт.
Конституциялык сотто чыгымга учураган тарап белгилүү адамдан граж-
дандык сот өндүрүшү тартибинде анын кайтаруусун талап кылууга укуктуу.
Берененин тексти 20.06.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- (Русский) Решение от 24 декабря 2009 годаРешение Конституционного суда · 30.07.2002
Беренеде аталган актылар (2)
- Мамлекеттик алым жөнүндөЗакон · 15.08.2007 · № 153 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/777/st-18" title="18-статья - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>