# 16-статья. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/777)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 18-декабрындагы № 1337-XII "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1337-XII
- Кабыл алынган күнү: 18.12.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.06.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 235 "О конституционном судопроизводстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202586)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-740/edition/504348/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/777/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө, 16-статья (20.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-16

---

укуктары жана милдеттери

Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары иш жүргүзүүнүн тењ

укуктарынан пайдаланышат.

Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары иштин материалдары

менен таанышуу, алардан көчүрүп алуу, көчүрмөсүн алуу, далилдерди кел-

тирүү жана аларды изилдөөгө катышуу, иштин жүрүшүндө келип чыккан бар-

дык маселелер боюнча дооматтарын жана оюн айтуу, корутунду сөз сүйлөө

укугуна ээ.

Тараптар ошондой эле өтүнүч келтирүүгө, судьяларга оозеки жана жа-

зуу жүзүндө түшүнүк берүүгө, киргизилген көрсөтүүлөр жана өтүнүчтөр бо-

юнча өз пикирин айтууга укуктуу.

Демилгеси боюнча конституциялык сот өндүрүшү козголгон тарап доо-

маттын негиздерин же затын өзгөртүүгө, алардын көлөмүн көбөйтүүгө же

азайтууга, же болбосо аларга каршы болууга укуктуу.

Үстүнөн доомат козголгон тарап ал дооматты толугу менен же бир

бөлүгүн кабыл алууга, же болбосо аларга каршы болууга укуктуу.

Ар бир тарап далил келтирүүгө жана өзүнүн талабына же каршылыгына

негиз катары таянган жагдайларды далилдөөгө милдеттүү.

Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары өзүнүн укуктарын аби-

йирдүүлүк менен пайдаланууга милдеттүү. Алардын судьяларга жалган маа-

лымат берүүсү Конституциялык сотун сыйлабоо катары бааланып, мыйзамга

ылайык жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/777/st-17)
