16-статья. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын
Күчүн жоготкон · 20.06.2009 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 июля 2009 года № 235.
укуктары жана милдеттери
Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары иш жүргүзүүнүн тењ
укуктарынан пайдаланышат.
Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары иштин материалдары
менен таанышуу, алардан көчүрүп алуу, көчүрмөсүн алуу, далилдерди кел-
тирүү жана аларды изилдөөгө катышуу, иштин жүрүшүндө келип чыккан бар-
дык маселелер боюнча дооматтарын жана оюн айтуу, корутунду сөз сүйлөө
укугуна ээ.
Тараптар ошондой эле өтүнүч келтирүүгө, судьяларга оозеки жана жа-
зуу жүзүндө түшүнүк берүүгө, киргизилген көрсөтүүлөр жана өтүнүчтөр бо-
юнча өз пикирин айтууга укуктуу.
Демилгеси боюнча конституциялык сот өндүрүшү козголгон тарап доо-
маттын негиздерин же затын өзгөртүүгө, алардын көлөмүн көбөйтүүгө же
азайтууга, же болбосо аларга каршы болууга укуктуу.
Үстүнөн доомат козголгон тарап ал дооматты толугу менен же бир
бөлүгүн кабыл алууга, же болбосо аларга каршы болууга укуктуу.
Ар бир тарап далил келтирүүгө жана өзүнүн талабына же каршылыгына
негиз катары таянган жагдайларды далилдөөгө милдеттүү.
Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары өзүнүн укуктарын аби-
йирдүүлүк менен пайдаланууга милдеттүү. Алардын судьяларга жалган маа-
лымат берүүсү Конституциялык сотун сыйлабоо катары бааланып, мыйзамга
ылайык жоопкерчиликке алып келет.
Берененин тексти 20.06.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/777/st-16" title="16-статья - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>