# КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 774-VI "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 774-VI "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 774-VI
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/77678>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-9724/edition/1027750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/77678.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 774-VI "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө" токтому (04.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/77678

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 23-июну № 774-VI Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 3-сентябрындагы № 4074-VI, 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 4138-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 21-пунктуна, 124-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарына жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жабык-жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө төмөндөгүлөр шайлансын:

Журабаева Гүлнар Курашбековна; Шайназаров Тынчтык Урайимович; Сатыгулов Адилет Сатыгулович; Эшимов Акылбек Жусупович; Осмоналиев Кайрат Медербекович; Бекматов Абдыжапар Гапырович; Жилкичиева Елена Жусуповна; Сариев Акылбек Аблабекович; Шайлдабекова Нуржан Кармабековна; Кадыров Бахтияр Сабиржанович; Баатырова Гүлнар Маришовна; Асаналиев Алмаз Турдакунович. (КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 3-сентябрындагы № 4074-VI, 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 4138-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөндөгү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 24-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө" № 807-V токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө" № 900-V токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө" № 938-V токтому.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Ч. Турсунбеков
