# КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 16-июнундагы № 742-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "2015-2020-жылдары жеткиликтүү турак жай" Программасынын ишке ашырылышы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 16-июнундагы № 742-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "2015-2020-жылдары жеткиликтүү турак жай" Программасынын ишке ашырылышы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 742-VI
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/77655>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-9701/edition/739269/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/77655.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 16-июнундагы № 742-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "2015-2020-жылдары жеткиликтүү турак жай" Программасынын ишке ашырылышы жөнүндө" токтому (16.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/77655

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 16-июну № 742-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "2015-2020-жылдары жеткиликтүү турак жай" Программасынын ишке ашырылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2015-2020-жылдары жеткиликтүү турак жай" Программасынын ишке ашырылышы жөнүндө маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:

- ипотекалык кредиттин пайыздык ставкаларын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карасын;

- ипотекалык кредиттин баштапкы төгүмүнүн суммаларын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карасын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 21-майындагы "Жеткиликтүү турак жай" куруунун жалпы мамлекеттик Программасын даярдоо жөнүндө" № 4055 токтомунун аткарылышы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин контролунан алынсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.

Төрага

Ч. Турсунбеков
