КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан „2015-2020-жылдары жеткиликтүү турак жай“ Программасынын ишке ашырылышы жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 16-июну № 742-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "2015-2020-жылдары жеткиликтүү турак жай" Программасынын ишке ашырылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2015-2020-жылдары жеткиликтүү турак жай" Программасынын ишке ашырылышы жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
- ипотекалык кредиттин пайыздык ставкаларын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
- ипотекалык кредиттин баштапкы төгүмүнүн суммаларын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 21-майындагы "Жеткиликтүү турак жай" куруунун жалпы мамлекеттик Программасын даярдоо жөнүндө" № 4055 токтомунун аткарылышы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин контролунан алынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага
Ч. Турсунбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 21-майындагы № 4055-V "Жеткиликтүү турак жай куруунун жалпы мамлекеттик программасын даярдоо жөнүндө" токтомуПостановление · 21.05.2014 · № 4055-V