# КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 22-июнундагы № 745-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" № 439-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 22-июнундагы № 745-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" № 439-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 745-VI
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/77653>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-9699/edition/778350/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/77653.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 22-июнундагы № 745-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" № 439-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (09.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/77653

---

КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1054-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 22-июну № 745-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" № 439-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесинин 6-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" № 439- VI токтому менен аныкталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри сунуштаган өзгөртүүлөр колдоого алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө улуттук жана коомдук коопсуздук, коргонуу жана укук тартиби маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кошумча кызмат ордуна талапкерди сунуштасын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" № 439-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.

1-пунктта:

- төртүнчү жана бешинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги;"; төмөнкүдөй мазмундагы жаңы абзацтар менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети.".

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

ушул токтомдон келип чыккан мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин; өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.".

5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Ч. Турсунбеков
