# КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 1-июнундагы № 633-VI "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчёту тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 1-июнундагы № 633-VI "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчёту тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 633-VI
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/77557>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-9604/edition/732120/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/77557.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 1-июнундагы № 633-VI "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчёту тууралуу" токтому (01.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/77557

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 1-июну № 633-VI Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчёту тууралуу "Кыргыз Республикасынын коомдук телерадио берүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчётун карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчёту эске алынсын (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылы республиканын бардык аймактарын санариптик телеберүүгө толук өткөрүү үчүн чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши:

- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын иши жөнүндө ар жылдык отчётту даярдоону Мыйзамдын талаптарына ылайык жүзөгө ашырсын;

- КТРканын ишин жакшыртууга, телерадио берүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган сунуштарга, сын-пикирлерге, кайрылууларга өзгөчө көңүл бурсун;

- кабыл алынган чечимдерди контролдоону күчөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетиңе (С.Шер-Нияз) жүктөлсүн.

Төрага

Ч. Турсунбеков
