КР Жогорку Кеңешинин «Люксембург шаарында 2015-жылдын 2-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Борбордук Азия -Түштүк Азия электр энергиясы берүү) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 18-майы № 543-VI "Люксембург шаарында 2015-жылдын 2-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Борбордук Азия -Түштүк Азия электр энергиясы берүү) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 28-мартындагы № 158 токтому) "Люксембург шаарында 2015-жылдын 2-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн аларды негиздөө менен 10 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети (А.Б.Баатырбеков) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
Н. Алимбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 158 "Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору (CASA-1000) боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууларды…Постановление · 28.03.2016 · № 158
- 2015-жылдын 2-октябрында Люксембург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Борбордук Азия -…Закон · 15.07.2016 · № 113