# КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 8-октябрындагы № 4364-V "«Кыргыз Республикасынын Салык кодекснне өзгертүүлордү жана толуктоолорду киргизүү женүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 8-октябрындагы № 4364-V "«Кыргыз Республикасынын Салык кодекснне өзгертүүлордү жана толуктоолорду киргизүү женүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4364-V
- Кабыл алынган күнү: 08.10.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.10.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/77288>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-9339/edition/587492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/77288.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.10.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 8-октябрындагы № 4364-V "«Кыргыз Республикасынын Салык кодекснне өзгертүүлордү жана толуктоолорду киргизүү женүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому (08.10.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/77288

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 8-октябры № 4364-V «Кыргыз Республикасынын Салык кодекснне өзгертүүлордү жана толуктоолорду киргизүү женүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2014-жылдын 29-августундагы № 505 токтом) тарабынан демилгелеген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана өзгөртүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 10 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (К.С. Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төрага

А. Жээнбеков
