# 7-статья. Эмгектенүү

- Документ: [Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/772)
- Толук аталышы: КР 1993-жылдын 14-декабрындагы № 1296-XII "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1296-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.12.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2023 года № 129 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней миграции", "О внешней трудовой миграции", "О правовом положении иностранных граждан в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112616)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.06.2023 [Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2023 года № 129 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней миграции", "О внешней трудовой миграции", "О правовом положении иностранных граждан в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112616); 11.10.2011 [Закон КР от 11 октября 2011 года № 168 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О правовом положении иностранных граждан в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203407)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/772#diff=1264918..1264919>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-735/edition/1264916/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/772/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө, 7-статья (30.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-7

---

Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген негизде жана тартипте ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда жумушчу жана кызматчы катары иштеп, же башкача эмгектене алат. Убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар эгерде алардын Кыргыз Республикасына келип-кетишинин максаттарына жана мөөнөтүнө ылайык келсе, же ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте, миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын тийиштүү уруксаты болсо, эмгектене алышат. Мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары гана дайындалууга же белгилүү иш жүргүзүүгө тийиш болгон айрым кызматтарга чет өлкөлүк жарандар дайындалбайт же белгилүү иш жүргүзө албайт. Чет өлкөлүк жарандар эмгектик мамилелерде республиканын жарандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат. (Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-октябрындагы № 168, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-8)
