# 3-статья. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалынын принциптери

- Документ: [Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/772)
- Толук аталышы: КР 1993-жылдын 14-декабрындагы № 1296-XII "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1296-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.12.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2023 года № 129 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней миграции", "О внешней трудовой миграции", "О правовом положении иностранных граждан в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112616)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.06.2023 [Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2023 года № 129 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней миграции", "О внешней трудовой миграции", "О правовом положении иностранных граждан в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112616); 11.10.2011 [Закон КР от 11 октября 2011 года № 168 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О правовом положении иностранных граждан в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203407)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/772#diff=1264918..1264919>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-735/edition/1264916/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/772/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө, 3-статья (30.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-3

---

Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, мыйзамда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимде белгиленген учурларды кошпогондо Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарышат. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этноско таандыктыгына, туткан динине, курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан Мыйзам алдында бирдей. Качкындарды жана качкын статусун берүү жөнүндө өтүнгөн адамдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарына жана эркиндиктерине атайын чектөөлөр киргизилген мамлекеттердин жарандарына карата улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти сактоо, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын коргоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жооп иретиндеги чектөөлөр белгилениши мүмкүн. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өз укуктарынан жана эркиндиктеринен пайдаланышы Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана башка адамдардын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына, коомдун жана мамлекеттин таламдарына зыян келтирбөөгө тийиш. (Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-октябрындагы № 168, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-4)
