# 29-статья. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктары

- Документ: [Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/772)
- Толук аталышы: КР 1993-жылдын 14-декабрындагы № 1296-XII "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1296-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.12.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2020 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового положения соотечественников с иностранным гражданством"](https://aqlex.ai/kg/doc/112079)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/772#diff=1264917..1264918>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-735/edition/1264916/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/772/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө, 29-статья (30.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-29

---

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештер төмөнкүлөргө укуктуу:

- чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документи бар учурда, жарактуу документтердин бири боюнча визасын жол-жоболоштурбастан, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгууга, транзит менен өтүүгө, жол жүрүүгө жана анда турууга;

- жашап турууга уруксатты жол-жоболоштурбастан, Кыргыз Республикасында туруктуу жашоого. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш Кыргыз Республикасынын аймагында турган мөөнөтүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга теңештирилет;

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берүүчү эмгек визасын жол-жоболоштурбастан жана жумушка уруксат албастан, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген негиздерде жана тартипте ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштөөгө же башка иште эмгектенүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын жарандары менен катар акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдей шарттарына.

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлей албайт. (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-30)
