# 28-статья. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алуудан баш тартуу үчүн негиздер

- Документ: [Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/772)
- Толук аталышы: КР 1993-жылдын 14-декабрындагы № 1296-XII "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1296-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.12.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2020 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового положения соотечественников с иностранным гражданством"](https://aqlex.ai/kg/doc/112079)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/772#diff=1264917..1264918>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-735/edition/1264916/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/772/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө, 28-статья (30.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-28

---

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу жөнүндө өтүнүч беришкен чет өлкөлүк жарандарга төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн, эгерде:

- өтүнүч берүүдө өзү жөнүндө жалган маалыматтарды билдирсе;

- кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар болсо;

- Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч туудуруучу ишти жүзөгө ашырса;

- террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү болуп саналса;

- чектөө алып салынганга чейин Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же туруктуу тыюу салынса.

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө чечим өтүнүч берүүчүгө чечим кабыл алынган учурдан тартып бир айлык мөөнөттө жана анын талабы боюнча жазуу жүзүндө билдирилет. (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-29)
