# 26-статья. Мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандардын укуктары

- Документ: [Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/772)
- Толук аталышы: КР 1993-жылдын 14-декабрындагы № 1296-XII "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1296-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.12.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2020 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового положения соотечественников с иностранным гражданством"](https://aqlex.ai/kg/doc/112079)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/772#diff=1264917..1264918>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-735/edition/1264916/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/772/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө, 26-статья (30.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-26

---

Мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандар чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алууга укуктуу. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардан тышкары, чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу төмөнкү адамдарга ыйгарылышы мүмкүн:

- алардын алгач Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык болгондугуна карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандарга;

- алардын алгач Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандарга;

- Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандарга, ошондой эле алардын балдарына жана неберелерине.

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандарына ыйгарылышы мүмкүн эмес. (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-27)
