26-статья. Мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандардын укуктары
Күчүндө · 30.06.2023 редакциясы
Мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандар чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алууга укуктуу. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардан тышкары, чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу төмөнкү адамдарга ыйгарылышы мүмкүн:
- алардын алгач Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык болгондугуна карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандарга;
- алардын алгач Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандарга;
- Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандарга, ошондой эле алардын балдарына жана неберелерине.
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандарына ыйгарылышы мүмкүн эмес. (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 30.06.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/772/st-26" title="26-статья - Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>