# 18-статья. Республиканын аймагы боюнча чет өлкөлүк жарандардын жол жүрүшү жана жашай турган жерди тандап алышы

- Документ: [Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/772)
- Толук аталышы: КР 1993-жылдын 14-декабрындагы № 1296-XII "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1296-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.12.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-735/edition/1264916/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/772/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө, 18-статья (30.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-18

---

Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ылайык Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жол жүрө алышат жана жашай турган жерди тандай алышат. Мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу, коомдук тартипти, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана башка адамдардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн зарыл болгон учурда аймак боюнча жол жүрүүгө жашай турган жерди тандап алууга чек коюуга жол берилет. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-19)
