# 11-статья. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар

- Документ: [Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/772)
- Толук аталышы: КР 1993-жылдын 14-декабрындагы № 1296-XII "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1296-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.12.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2023 года № 129 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней миграции", "О внешней трудовой миграции", "О правовом положении иностранных граждан в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112616)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.06.2023 [Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2023 года № 129 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней миграции", "О внешней трудовой миграции", "О правовом положении иностранных граждан в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112616); 24.07.2020 [Закон КР от 24 июля 2020 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового положения соотечественников с иностранным гражданством"](https://aqlex.ai/kg/doc/112079)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/772#diff=1264918..1264919>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-735/edition/1264916/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/772/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө, 11-статья (30.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-11

---

Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар деп, республиканын жарандары болуп саналбаган жана өзүнүн чет мамлекеттин жарандыгына таандык экендигинин далилдери бар адамдар таанылат. Чет өлкөлүк жарандыгы жана жарандыгы жок адамдар бар мекендештер деп, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте чет өлкөлүк жарандыгы жана жарандыгы жок адамдар бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар таанылат. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдар мыйзамдарда каралган укуктар жана эркиндиктер кепилденет. Жарандыгы жок адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана кандайдыр бир чет мамлекеттин жарандыгына өзүнүн таандык экендигинин далилдери болбогон адам. Жарандыгы жок адамга күбөлүк берилет, ал жарандыгы жок адамдын ким экендигин тастыктоочу жана статусун ырастоочу документ болуп саналат. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү жарактуу жол кире документи болуп саналат. Жарандыгы жок адамдын статусун аныктоо жана жарандыгы жок адамга күбөлүк берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт. Өзүн Кыргыз Республикасында жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө өтүнүч берген арыз ээсине анын өтүнүчүн каттоо жөнүндө күбөлүк берилет, ал арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документ жана Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүрүшү жана бул адамды жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоо үчүн негиз болуп саналат. (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-1)  
Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/772/st-2)
