# КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 5-мартындагы № 989-IV "2009-жылдын 5-мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 5-мартындагы № 989-IV "2009-жылдын 5-мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 989-IV
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/77183>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-9234/edition/552744/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/77183.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 5-мартындагы № 989-IV "2009-жылдын 5-мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (05.03.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/77183

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2009-жылдын 5-марты № 989-IV 2009-жылдын 5-мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 2009-жылдын 5-мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин: 2009-жылдын мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планын бекитүү жөнүндө; "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына Киото протоколунун "В" тиркемесине түзөтүүнү (10/СМР.2 чечими) ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Дүйшөмбү шаарында 2008-жылдын 28-августунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биргелешкен террорго каршы окууларын уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Дүйшөмбү шаарында 2008-жылдын 28-августунда кол коюлган Куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан долбоору тууралу; Кыргыз Республикасынын Президентинин А.Т.Керимкуловду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин директорунун кызматына дайындоого макулдук алуу үчүн сунушу жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Президентинин Д.Э.Арстанбаеваны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматына шайлоо жөнүндө сунушу тууралу.

Төрага

А.Тагаев
