Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку кеңешинин «Паралимпиадалык спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы режимге кайтарып берүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 26-майы № 592-VI "Паралимпиадалык спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы режимге кайтарып берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 57-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2015-жылдын 27-октябрындагы № 745 токтому) "Паралимпиадалык спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окуудагы режимге кайтарылып берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети (С.Шер-Нияз) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
Ч. Турсунбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Паралимпиадалык спорт жөнүндөЗакон · 29.12.2016 · № 226
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 745 "Паралимпиадалык спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 27.10.2015 · № 745 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон