Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку кеңешинин «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Электр энергетикасы жөнундө», «Кыргыз Республикасынын шаар курулушу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 14-апрели № 460-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр энергетикасы жөнундө", "Кыргыз Республикасынын шаар курулушу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттары К.С. Бокоев жана К.Ж. Рыспаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр энергетикасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шаар курулушу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр энергетикасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шаар курулушу жана архитектура жөнүндө " Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" № 5339-V токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалапуу боюнча комитети (К.Ж. Рыспаев) жазуу жүзүндө кабыл алынган жана жыйналышта айтылган сунуштарды стенограммага ылайык эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары
Н. Алимбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5339-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Электр энергетикасы…Постановление · 26.06.2015 · № 5339-V · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII