КР Жогорку кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдагы иши жөнүндө токтомуКыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчёту тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 28-апрели № 492-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчёту тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 6-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчёту канааттандыраарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин чечимдеринде көрсөтүлгөн маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл бурсун жана конкреттүү чараларды кабыл алсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча бүткөрүлгөн иштердин жыйынтыктары жөнүндө 2016-жылдын 1-декабрына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 23-майындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчёту тууралуу" № 3101-V токтомунда каралган формат боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштери жөнүндө кийин отчёт түзүүнүн максатка ылайыктуулугун карасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" № 24-VI токтому менен бекитилген маселелерди жүргүзүүгө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттерине жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Ч. Турсунбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 23-майындагы № 3101-V "2012-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу"…Постановление · 23.05.2013 · № 3101-V
- КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.11.2015 · № 24-VI · Күчүн жоготкон