# КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 418-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткаруу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 418-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткаруу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 418-VI
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/77079>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-9131/edition/714443/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/77079.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 418-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткаруу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө" токтому (06.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/77079

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 6-апрели № 418-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткаруу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын үстөмдүгүн жана тикелей колдонулушун камсыздаган тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдеринин ойдогудай жана өз мезгилинде аткарылышын ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кирген тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетке (Г.А.Скрипкина) жүктөлсүн.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А. Жээнбеков
