КР Жогорку кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 30-марты № 408-VI Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттар тобу А.К.Келдибеков, Э.Б.Жумалиева, А.Ш.Жээнбеков, К.С.Самаков, Т.Т.Туманов, Б.Э.Төрөбаев, Т.А.Салимов, А.М.Режавалиев, У.А.Аманбаева, М.И.Бакиров, Б.А.Маматов, М.Б.Тиленчиева, А.Ж.Эшимов, К.С.Дыйканбаев, З.С.Жоошбеков жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2012-жылдын 15-октябрындагы № 718 токтому) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин долбоорунун бирдиктүү редакциясы экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Кыргыз Республикасынын бюджеттерин түзүүнү жана аткарууну Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жоболоруна ылайык камсыздоо боюнча чараларды көрсүн; Ушул Кодексти андан ары өркүндөтүү максаттарында:
- кепилденген социалдык төлөөлөрдү жана башка тыюу салынган чыгашалардын беренелери киргизилген учурдагы бардык чыгашаларды камсыздоо үчүн "учурдагы киреше" (салыктык, салыктык эмес келип түшүүлөр) жана "учурдагы чыгашалар" түшүнүгүн киргизсин;
- тышкы карыз алуулардын жана алардын пайдаланылышынын ачык-айкындуулугун камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети (А.А.Шадиев) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн кодекстин долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-октябрындагы № 718 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана…Постановление · 15.10.2012 · № 718 · Күчүн жоготкон