Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 30-марты № 409-VI "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2012-жылдын 15-октябрындагы № 718 токтому) "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бюджеттик кодексин андан ары өркүндөтүү максатында төмөнкүлөрдү эске алуу менен ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2016-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен сунуш киргизсин:
- курулуш жана реконструкциялоо объектилеринин тизмегине киргизүү үчүн "капиталдык салым" беренеси боюнча каржылануучу объектилерди тандоо критерийлерин иштеп чыгуунун зарылдыгын;
- ыңгайлуу климаттык шарттардын мезгилинде курулуш иштерин бүткөрүү үчүн зарыл болгон үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тартып "капиталдык салым" беренеси боюнча каржылоону 50 пайыздан кем эмес көлөмдө камсыздоону;
- ''Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна мамлекеттик сатып алуулардын тизмегин жана "капиталдык салым" беренеси боюнча каржылануучу курулуш жана реконструкциялоо объектилеринин тизмегин өзүнчө тиркеме менен киргизүүнү;
- бюджеттердин аткарылышынын жүрүшүндө чыгашаларды каржылоо үчүн квартал аралык бюджеттик ассигнованиелердин кайра бөлүштүрүлүшүн кыскартууну;
- мамлекеттик органдардын бюджеттик каражаттарынын алдыдагы жылдын бюджеттериндеги отчёттук жылдын калдыктарын кароону;
- сот тутумунун алдыдагы жылга бюджетинин долбоорун түзүү үчүн зарыл болгон бекитилген көрсөткүчтөрдү өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнөн төмөн эмес белгилөөнү.
3. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн аларды негиздөө менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети (А.А.Шадиев) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 16.05.2016 · № 60
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-октябрындагы № 718 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана…Постановление · 15.10.2012 · № 718 · Күчүн жоготкон