# КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 421-VI "Э.А.Мадмарованы Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлүгүнө бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 421-VI "Э.А.Мадмарованы Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлүгүнө бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 421-VI
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/77047>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-9099/edition/712895/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/77047.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 421-VI "Э.А.Мадмарованы Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлүгүнө бекитүү жөнүндө" токтому (06.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/77047

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 6-апрели № 421-VI

Э.А.Мадмарованы Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлүгүнө бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан шайланган Мадмарова Эльнара Абдувалиевна Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин курамына бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" № 4468-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттагы "Атаназаров Нурланбек Алайдинович" деген сөздөр "Мадмарова Эльнара Абдувалиевна" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

А. Омурбекова
