Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку кеңешинин «Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн нотасына карата Кыргыз Республикасынын жооп Нотасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча карыз жөнүндө макулдашуусун ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 30-марты № 407-VI "Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн нотасына карата Кыргыз Республикасынын жооп Нотасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча карыз жөнүндө макулдашуусун ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 5-февралындагы № 51 токтому) "Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн нотасына карата Кыргыз Республикасынын жооп Нотасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча карыз жөнүндө макулдашуусун ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн аларды негиздөө менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети (А.Б.Баатырбеков) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР 2016-жылдын 5-февралындагы № 51 ""Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган Япония Ѳкмѳтγнγн нотасына карата Кыргыз Республикасынын жооп Нотасын жана Кыргыз…Постановление · 05.02.2016 · № 51
- 2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн нотасына карата Кыргыз Республикасынын жооп нотасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл…Закон · 21.05.2016 · № 73