# КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 439-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 439-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 439-VI
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/77036>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-9089/edition/778345/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/77036.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 439-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтому (09.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/77036

---

КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1054-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 13-апрели № 439-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 22-июнундагы № 745-VI токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө төмөндөгүлөр кирет:

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети; Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети. (КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 22-июнундагы № 745-VI токтомунун редакциясына ылайык)

2. Ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөндөгүлөрдөн турат:

Кыргыз Республикасынын Премьер министринен; Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министринен; Кыргыз Республикасынын вице-премьер министрлеринен; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинен - министринен; Кыргыз Республикасынын министрлеринен; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагаларынан;

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдон келип чыккан мыйзамдардын долбоорлорун үч айдын ичинде иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" № 11-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

Н. Алимбеков
