# КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 440-VI
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/77035>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-9088/edition/778473/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/77035.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтому (10.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/77035

---

КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1055-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 13-апрели № 440-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 1-июнундагы № 612-VI, 2016-жылдын 29-июнундагы № 799-VI ,2016-жылдын 15-сентябрындагы № 888-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндөгүлөр аныкталсын:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна - Жээнбеков Сооронбай Шарипович; Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министринин кызмат ордуна - Абулгазиев Мухамметкалый Дүйшекеевич; Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министринин кызмат ордуна - Панкратов Олег Михайлович; Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министринин кызмат ордуна - Кудайбердиева Гүлмира Каримовна; Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин кызмат ордуна - Разаков Жениш Парпиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин - министринин кызмат ордуна - Осмоналиев Акылбек Шарипович; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызмат ордуна - Абдылдаев Эрлан Бекешович; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна - Жунушалиев Кашкар Астакановичтин; Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна - Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна; Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызмат ордуна - Касымалиев Адылбек Алешович; Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызмат ордуна - Кожошев Арзыбек Орозбекович; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызмат ордуна Бекбоев Турдуназир; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин кызмат ордуна - Айдаров Замирбек Казакбаевич; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна - Боронов Кубатбек Айылчиевич; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна - Сариева Эльвира Кубанычбековна; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна - Батыралиев Талантбек Абдуллаевич; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызмат ордуна - Казаков Түгөлбай Токтогулович; Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна - Базарбаев Кудайберген Базарбаевич; Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна - Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна - Шаршембиев Бакыт Нуржанович. (КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 1-июнундагы № 612-VI, 2016-жылдын 29-июнундагы № 799-VI, 2016-жылдын 15-сентябрындагы № 888-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерлер дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине көрсөтүлсүн.

3. 2015-жылдын 5-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 12-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

Н. Алимбеков
