# КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы № 250-VI "Эркин экономикалык зоналардын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы № 250-VI "Эркин экономикалык зоналардын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 250-VI
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76910>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8963/edition/703639/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76910.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы № 250-VI "Эркин экономикалык зоналардын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө" токтому (10.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76910

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 10-февралы № 250-VI Эркин экономикалык зоналардын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө Кыргыз Республикасында эркин экономикалык зоналарды колдоо жана өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө "Бишкек" ЭЭЗнын, "Нарын" ЭЭЗнын, "Маймак" ЭЭЗнын, "Каракол" ЭЭЗнын жана "Лейлек" ЭЭЗнын ишин талдоону жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасында эркин экономикалык зоналарды андан ары өнүктүрүү боюнча талдоонун жыйынтыктарын жана сунуштарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин, анын ичинде төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү карасын:

- эркин экономикалык зоналарына мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн коюмдары минималдуу боло турган атайын салык зоналарын трансформациялоо;

- 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 78 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында мурда каралгандай кепилдиктерди эркин экономикалык зоналарга берүү;

- эркин экономикалык зоналардын субъектилери тарабынан өндүрүлгөн продукцияларга квоталарды берүү көлөмүн өзгөртүү.

2. Ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бажы алымын жогорулатуу жаатында Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына (9619002100, 9619005101, 9619005901, 961900901 ТЭИТН позициялары) тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине (Н.К.Макеев) жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

Н. Алимбеков
