# КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 11-февралындагы № 264-VI "2016-жылы жазгы-талаа жана чарба жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 11-февралындагы № 264-VI "2016-жылы жазгы-талаа жана чарба жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 264-VI
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76907>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8960/edition/703557/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76907.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 11-февралындагы № 264-VI "2016-жылы жазгы-талаа жана чарба жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу" токтому (11.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76907

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 11-февралы № 264-VI "2016-жылы жазгы-талаа жана чарба жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу 2016-жылы жазгы-талаа жана чарба жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри Т.Б.Бекбоевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Маалымат эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

төмөнкүдөй тиешелүү чараларды көрсүн:

- агротехникалык талаптарды жана жаңы артыкчылыктуу технологияларды сактоо менен 2016-жылы жазгы-талаа жумуштарын ийгиликтүү өткөрүү боюнча;

- айылдык товар өндүрүүчүлөрдү күйүүчү-майлоочу материалдар, жер семирткичтер, химикаттар жана үрөндөр, ошондой эле жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо боюнча; мында республиканын алыскы региондоруна, айрыкча оор климаттык шарттардагы региондорго өзгөчө көңүл бурсун;

- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, айрыкча төө бурчактын жаңы сортторун жаңылоо жана киргизүү боюнча;

төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: айыл аймактарынын жана башка чарбакер субъектилердин карамагында болгон ички чарбалык сугат тармактарын вегетациялык мезгилге өз учурунда даярдоону; 2016-жылдын биринчи кварталында ирригациялык тармактардын учурдагы жана капиталдык ремонту үчүн арналган бюджеттик каражаттардын 80 пайызга чейинкисин каржылоону; республиканын айыл чарба тармактары үчүн кредиттерди берүүнүн шарттарын түп тамырынан жакшыртууну жана кредиттерди берүү шарттары жөнүндө бардык айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү; республиканын экспорттук потенциалын көбөйтүү жана жер, суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу максаттарында аэрокосмикалык санариптик маалыматтардын негизинде республиканын айыл чарба өндүрүшүнүн мониторингин; айыл чарба тармактарын кредиттөө үчүн Айыл банкка жана РСК банкка Өнүктүрүүнүн Россия-кыргыз фондунун финансы каражаттарын багыттоо мүмкүнчүлүгүн карасын жана чечсин; агротехникалык талаптардын мөөнөттөрүн сактоо максатында 2016-жылдын март-апрелинде банктарды жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү кредиттөө жөнүндө маселени чечсин; республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө кийин сатуу менен Материалдык резервдер фонду аркылуу жеңилдетилген жөнөтүү баасы боюнча күйүүчү-майлоочу материалдарды дүңүнөн сатып алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени иликтесин жана карасын; 2016-жылдын февралында республиканын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин катышуусу менен жазгы-талаа жумуштарына даярдануунун жүрүшү жөнүндө республиканын бардык областтык борборлорунда селектордук кеңешмелерди өткөрсүн; "Жаныбарлардын идентификациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөсүн; минералдык жер семирткичтер заводун куруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени карасын.

3. Ушул токтомдун аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2016-жылдын 15-майына карата маалымат берсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетке (М.И.Бакиров) жүктөлсүн.

Төрага

А. Жээнбеков
