# Постановление Жогорку Кенеша КР от 20 января 2016 года № 200-VI "О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О донорстве крови и ее компонентов"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 200-VI
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76877>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8930/edition/701473/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76877.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Жогорку Кенеша КР от 20 января 2016 года № 200-VI "О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О донорстве крови и ее компонентов" (20.01.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76877

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 30-июну № 908-V Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана аны окутуп-үйрөтүү практикасына жайылтуу боюнча бирдиктүү саясат жүргүзүү максаттарында жана республиканын жогорку окуу жайларында кыргыз тили менен адабияты сабагын окутуп-үйрөтүүнүн кыскартылышы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын көптөгөн кайрылууларын жана каалоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:

- жогорку окуу жайларында кыргыз тили менен адабияты сабагын окутуп-үйрөтүү сааттарынын көлөмүн бирдиктүү тартипке келтирсин;

- жогорку окуу жайларында орус мектебин бүтүргөндөр үчүн кыргыз тили менен адабияты сабагына жана кыргыз мектебин бүтүргөндөр үчүн орус тили менен адабияты сабагына окутуп-үйрөтүүнүн практикасын кайра карасын жана кыргыз тили менен адабияты сабагын милдеттүү катары Мамлекеттик билим берүү стандартына киргизсин;

- башталгыч жалпы билим берүүнү аяктоодо, ошондой эле абитуриенттерди жалпы республикалык тесттен өткөрүүгө кыргыз тили менен адабияты сабагы боюнча милдеттүү экзамен киргизилсин;

- негизги жалпы жана орто окуу жайларында орто жалпы билим берүүнү аяктоодо мамлекеттик тилде кыргыз класстары үчүн сочинение жана орус класстары үчүн изложение милдеттүү киргизүү боюнча маселени карасын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Ж.А.Джолдошова) жүктөлсүн.

Төрага

А.Келдибеков
