# КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 21-январындагы № 223-VI "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 21-январындагы № 223-VI "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 223-VI
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76867>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8920/edition/701453/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76867.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 21-январындагы № 223-VI "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту тууралуу" токтому (21.01.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76867

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 21-январы № 223-VI Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Д.Абулгазиевдин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жыл үчүн бюджетин аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул маселе боюнча 2015-жылдын 22-июлундагы № 513 токтомун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жыл үчүн бюджетин аткаруунун жыйынтыктары бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү пенсиялык төлөмдөрдүн натыйжалуулугуна тиешеси бар ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

- камсыздандыруу төгүмдөрүн жана мөөнөтү өткөрүлгөн карыздарды толук көлөмдө чогултууну жакшыртууга жетишсин;

- кезектеги финансылык жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин иштеп чыгууда киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча пландык көрсөткүчтөрдү реалдуу тастыктоону камсыз кылсын.

Төраганын орун басары

Н. Алимбеков
